Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 6-августу № 10/IV-28

“Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү ыраттуулугу жөнүндө”

Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү ыраттулугу боюнча Ысык-Ата районунун прокуратурасынын 2021-жылдын 29-июлундагы №11-04/28 сунушунун негизинде, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Ата районунун прокуратурасынын 2021-жылдын 29-июлундагы №11-04/28 сунушуна ылайык 2006-2021- жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү боюнча түзүлгөн тизмелер Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Шайлдабеков