Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
22-сессия
2020-жылдын 24-декабры № 161/ХХII-27
Кант шаардык маданият үйүнө Ч.Т.Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин Ата мекендик жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымын эске алуу менен Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушун кабыл алып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык маданият үйүнө Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кант шаардык маданият үйүнүн башчысына:
- Шаардык маданият үйүнүн аты өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жана Кант шаарынын вице-мэрине (Мусаев У.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |