Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
22-сессия
2020-жылдын 24-декабры № 160/ХХII-27
Кант шаарындагы муниципалдык христиандар көрүстөнүнө сөөк жашыруу жана көмүү иштерин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин биргелешкен жыйынынын чечимин арап чыгып, ошондой эле Кант шаарындагы христиандар көрүстөнүндө жер аянтынын тартыштыгына, сөөк жашыруу иштерин жүргүзүүнү жана көмүүнү тартипке келтирүүгө байланыштуу
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарындагы христиандар көрүстөнүндө сөөк жашыруу иштерин жүргүзүүнү жана көмүүнү тартипке келтирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарындагы христиандар көрүстөнүндө сөөк жашыруу иштерин жүргүзүү жана көмүүдө бул токтомду катуу жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаарынын вице-мэрине (Мусаев У.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
| Кант шаардык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы № 160/XXII токтомуна тиркеме |
Сөөк жашыруу жана көмүү иштеринин эрежелери:
1. Христиандар көрүстөнү муниципалдык менчик болуп эсептелет.
2. Кант шаарынын мэриясы менен биргеликте сөөк жашыруу жана көмүү иштеринин эрежелерин сактоо боюнча иштерди жүргүзөт.
3. Кант шаардык мэриясы жана мекендештердин Камкорчулар кеңеши «Чайка» КБси 5 жылдык орун алмаштыруу менен көрүстөндүн администрациясын дайындап, сөөк жашыруу иштеринин эрежелерин жана ченемдерин көзөмөлдөйт.
4. Көрүстөндөгү сөөк жашырууга жер бөлүп берүү, көр казуу жана көмүүгө байланышкан иштердин бардык түрү көрүстөндүн жумушчулары тарабынан жасалат.
5. Көрүстөнгө орнотулчу курулма, тосмо көрүстөндүн администрациясы менен макулдашуунун жана көмүүлөрдү каттоо китебине катталгандан кийин белгиленген жерге гана коюлат.
6. Көрүстөндүн аймагы төмонкүдөй тилкелерге бөлүнөт:
- эркин көмүү;
- туугандашып көмүү;
- талап кылынбаган жана таанылбай каза болгондорду көмүү.
7. Туугандашып көмүүнү уюштуруу үчүн кошумча жер тилкеси администрациянын Камкорчулар кеңеши менен биргеликтеги ар бир айкын абалдагы арызынын негизинде каралат.
8. Сөөк жашырууга маркумдун туугандарынын же сөөк коюуну уюштуруучулардан көмүүгө жерди каттоо үчүн зарыл болгон документтер:
- өлгөндүгү тууралуу тактама кагазы;
- арыз ээсинин паспорту, дареги, телефону;
- туугандыгы жөнүндө документтери (мэриядан же квартальныйдан тактама);
- көмүү кагазы;
- жумушчулардын эмгегине төлөнгөндүгү боюнча квитация.
Санитардык- техникалык талаптар:
- өрттөлбөгөн калдыктарды көргө көмүүгө болот;
- казылган чуңкур 1,5 метрден кем эмес болушу керек;
- көмүлгөн дөңсөө 0,5 метрден жогору болбошу керек;
- тосмо- 0,5 метрге чейин;
- көрүстөн эстелигинин деңгээли 1,8 метрге чейин;
- бир чуңкурга 1 маркумдун табыты түшүрүлөт;
- сөөк жашыруунун өлчөмү – туурасы – 1 метр, узуну – 2 метр;
- милдеттүү талап – сөөк жашыруунун аралыгы узуну тарапка – 0,5 метрге чейин, кыска тарабына – бир метр (техникалык өтмөк сөөк жашыруунун схемасын караңыз).
- туугандаштык мүрзөсүнө сөөк жашыруу бир адамдын сөөгүн жашыруу ченемге туура келет;
- сөөк жашыруу жердин жеткиликтүүлүгүнө жана эрежелердин санитардык-техникалык талаптарына карата жүргүзүлөт.
Көрүстөндүн администрациясынын укуктары жана милдеттери:
1. Сөөк жашырууга руксат берүү документтери тез жана өз учурунда катталат.
2. Ар бир сөөк жашыруу, (топурак салынган урналар), көрүстөнгө орнотулчу курулма, тосмолор көмүүлөрдү каттоо китебине катталат (өмүр бою сакталат).
3. Сөөк жашыруучулардын каалоосуна ылайык жана санитардык-техникалык ченемдерге, кийин көрүстөндүн аймагын өздөштүү шайкештигинде сөөк жашыруу эрежелерине ылайык көмүүгө акысыз жер берүү.
4. Имараттын абалын, инженердик шаймандарды, көрүстөндүн аймагын, жарыктандырууну, тосмону ж.б.у.с. кемчиликсиз абалда кармоо.
5. Өз учурунда тазалоо жана таштандыларды чыгарууну уюштуруу, техникалык өтмө жолдордогу авариялык абалдагы бактарды жана куураган бутактарды (көмүүгө жоопкерчиликтүүлөргө эскертүүсүз эле) кыюу.
6. Сөөк жашыруу үчүн мүрзө казууну уюштуруу.
7. Мүрзө казуу жана көмүү иштерин көрүстөндүн жумушчулары гана жүргүзөт.
8. Болүнүп берилген жерден чыгып кеткен, же бекитилген ченемди бузган курулуштар түрттүрүлөт. (ченемди бузгандыгы жөнүндөгү кат түрундөгү эскертүү сөөктүн ээлерине жиберилет, 3 айдын ичинде сөөк жашырууга жоопкерчилик алгандардын эсебинен демонтаж жасалат).
Жарандардын укуктары жана милдеттери:
Кардарлар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1. Сөөк жашыруучу жерди жаназанын уюштуруучуларынын каалоосуна ылайык санитардык-техникалык ченемдерди сактоо менен тандоого.
2. Көрүстөнгө орнотулчу курулма, тосмо көрүстөндүн администрациясы менен макулдашуунун жана ушул эрежелерге ылайык орнотууга.
3. Гүл, бадал, бактарды -1,5 метрден ашырбай тосмонун ичине гана отургузууга.
4. Администрациянын иши жөнүндө пикирлерди арыздануу жана каалоо-тилек китепбине жазууга.
Кардарлар милдеттүү:
1. Көрүстөндө тынчтыкты жана тартипти сактоого.
2. Берилген жердеги таштандыларды чыгарууга.
3. Сөөк жашыруунун эрежелерин жана ченемдерин бекем сактоого.
Тыюу салынат:
1. Мекендештердин камкордук кеңешинин ылайыктуу руксаты жок коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө.
2. Техникалык өтмөктөргө бак жана бадалдарды отургузууга.
3. Кургак чөптөрдү жана таштандыларды өрттөөгө.