Редакцияот 24.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

22-сессия

2020-жылдын 24-декабры № 159/ХХII-27

Кант шаарынын китепканасынын жетекчисине бир жолку материалдык жардам үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Д.Бирюкованын Кант шаарынын китепканасынын жетекчисине бир жолку материалдык жардам үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айткандарын угуп жана

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кант шаардык мэриясы 2020-жылдын башындагы бюджеттик эсептеги бош калдыктан Кант шаарынын китепканасынын жетекчисине бир жолку материалдык жардам үчүн 5,0 (беш) миң сом акча каражатын бөлүп берсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

 А. Шайлдабеков