Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-сессия
2020-жылдын 22-октябры № 151/ХХI-27
Эс алуу аймагын жана аянтчаларды куруу жана көрктөндүрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.И.Абиновдун, ошондой эле Кант шаарынын №6-кварталынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 281,0 (эки жүз сексен бир) миң сом өлчөмүндөгү (дем берүүчү грант) акча каражатын Кант шаарындагы темир жол вокзалы, Центральная көчөсү, МПС көчөсү менен кесилиш дарегиндеги аянчаны жана эс алуу аймагын куруу жана көрктөндүрүүгө бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2020-жылдын 3-декабрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |