Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-сессия
2020-жылдын 22-октябры № 149/ХХI-27
Кант шаарындагы шаардык канализация системасына агып түшкөн өндүрүш агым сууларындагы зыяндуу заттардын концентрациясынын руксат берилген чегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, шаардык тазалоочу курулманын жана суу камсыздоо системасынын авариясыз жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо, Чу дарыясындагы бассейндин зыяндуу жана уулуу заттардан булганышынын алдын алуу жана жалпысынан шаарда жагымдуу экологиялык абалды камсыздоо максатында
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарындагы шаардык канализация системасына агып түшкөн өндүрүш агым сууларындагы зыяндуу заттардын концентрациясынын руксат берилген чеги бекитилсин. (Тиркеме 1)
2. Поручить эксплуатирующей организации – ОсОО «Маркетинг-Сервис» ЖЧКу эксплуатациялоо мекемесине (Кант шаарындагы суу каналы) ишкананын аймагынан шаардык канализация системасына агып чыккан өндүрүштүк агын суулардын курамынын анализин көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2020-жылдын 10-декабрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
| Кант шаардык кеңешинин 22.10.2020-ж. №149/XXI-27- токтомуна тиркеме |
Кант шаардык канализация системасына агып түшкөн өндүрүш агым сууларындагы
зыяндуу заттардын концентрациясынын (ПДК) руксат берилген чеги
№ п/п | Агын суулардын курамынын көрсөткүчү | ПДК, мг/л |
1 | Өлчөнгөн зат | 235,514 |
2 | БПК5. | 173,3 |
3 | Аммоний солевой (NH4+) | 3,078 |
4 | Нитрит-ион (NO2-) | 3,62 |
5 | Нитрат-ион (NO32-) | 1191 |
6 | Хлориды (CL-) | 12107,56 |
7 | Сульфаты (SO42) | 1207,8 |