Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-сессия
2020-жылдын 22-октябры № 148/ХХI-27
2020-жылдын башындагы “бош калдыктагы” жана негизги эсептеги акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 2020-жылдын 14-октябрындагы №01-14/726 2020-жылдын башындагы “бош калдыктагы” жана негизги эсептеги акча каражаттарын жылдыруу жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы башындагы “бош калдыктагы” жана негизги эсептеги акча каражаттарын жылдырсын.
бош калдыктан:
- “Коопсуз короо” долбоору видеокөзөмөл системасы – 5000,0 миң сом;
- Жалпы билим берүү мекемелери үчүн электрондук лабораторияларды алууга приобретение – 2000,0 миң сом;
- №4-КОМГ жабдууларды алууга (жаңы башталгыч мектеп) – 2000,0 миң сом;
- №4-КОМГнынмектеп алдын көрктөндүрүүгө (жаңы башталгыч мектеп) – 2000,0 миң сом;
Жыйынтыгы: 11000,0 миң сом.
негизги эсептен:
- атайын техникаларды алууга (ТЖКЧ) – 2200,0 миң сом;
- мектеп мекемелери үчүн тамак-ашка – 5000,0 миң сом;
- башка тейлөөлөргө (ТЖКЧ) – 2000,0 тыс. сом;
Жыйынтыгы: 9200,0 миң сом.
Жогоруда белгиленген каражаттарды колдонуу төмөнкү иш-чараларды жасоого багыттоо мерчемделди:
- Тагаев көчөсүндөгү жол полотносун оңдоого ( Гагарин көчөсүнөн МИСке чейин) – 6500,0 миң сом;
- №4-КОМГ жаңы башталгыч мектебин оңдоого (эски имаратты) – 4000,0 миң сом;
- жол төшөлмөлөрү – 3000,0 миң сом;
- көчөлөрдү жарыктандыруу – 2000,0 миң сом.
Жыйынтыгы: 15500,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2020-жылдын 3-декабрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |