Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
20-кезексиз сессия
2020-жылдын 6-июлу № 141/ХХ-27
ШМҮнө күндүзгү стационарды уюштуруу жана Ысык-Ата райондук ҮБДБна дары-дармектерди алып берүү боюнча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Эпидемиологиялык кырдаалга жана илдетти жуктуруп алгандардын көбөйүшүнө, медициналык мекемелерде орундардын жана дары-дармектердин жетишсиздигине байланыштуу, ошондой эле Кант шаарында короновирус илдетине каршы аракет көрүү боюнча
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы:
- Кант шаарынын тургундары үчүн шаардык маданият үйүнүн имаратына күндүзгү стационар уюштурулсун;
2. Ысык-Ата райондук ҮБДБна дары-дармектерди алып берүү үчүн 350,0 (үч жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |