Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
19-сессия
2020-жылдын 19-июну № 138/ХIХ-27
№5-КОМГ жана №3-КОМГнын отканасын оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант “Кыргызтеплоэнерго” жылуулук берүу ишканасынын 2020-жылдын 15-июнундагы №04/199 Л.Толстой көчөсүндөгү №5-КОМГ (№2 б/б, КБӨСМ) жана Пушкин көчөсүндөгү №3-КОМГнын отканасын оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТСКИЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы II кварталдын жыйынтыгы менен Л.Толстой көчөсүндөгү №5-КОМГ (№2 б/б, КБӨСМ) жана Пушкин көчөсүндөгү №3-КОМГнын отканасын оңдоого 1 595 500 (бир млн. беш жүз токсон беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын караштырсын.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2020-жылдын 12-октябрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |