Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен биргеликте 2019-жылдын 1-мартынан тартып 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
2. Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруучу-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
- калк арасында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун натыйжасы оң болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |