Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-февралы № 6
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралуу
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүдүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Абдылдаевдин жана Сары-Коо айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы М.Иманалиеванын маалыматын угуп жана талкууга алып, ошондой эле таркатылган материалдар менен кенен таанышып чыгып Сары-Коо айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Сары-Коо айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2021-жылга карата бекитилсин:
- Сары-Коо айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 14794,6 миң сомго.
- Сары-Коо айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү - 14794,6 миң сомго.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.
Сары-Коо айыл кеңешинин төрагасы |
Макеев Э.А.. |