Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-февралы № 2
Долбоорлорго кошумча салым бөлүнүү тууралуу
Сары – Коо айыл өкмөтүнүн башкы адиси В. Суймоналиеванын кайрылуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Чүй облусттук өнүктүрүү фондунун долбоордук конкурсуна катышууга, жана долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу максатында, Сары – Коо айылдык кеӊешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Чүй облусттук өнүктүрүү фондунун долбоордук конкурсуна катышууга 2021-жылдын эсебинен:
- “Алтын айылына жаӊы ФАП имаратын салуу” долбоору бекитилсин.
- “Жекен мектебинин чатырын жана терезелерин которуу” долбоору бекитилсин;
2. Жергиликтүү бюджеттен долбоорго кошумча салым :
- “Алтын айылына жаӊы ФАП имаратын салуу” долбооруна кошумча салым - 100.0 сом бөлүнүп берилсин.
- “Жекен мектебинин чатырын жана терезелерин которуу” долбооруна – 100.0 сом бөлүнүп берилсин.;
3. Ушул токтоомдун аткарылышын көзөмөлдүк контролдукка алуу милдетин Сары – Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А. Баковго жүктөлсүн.
Сары-Коо айылдык кеңешинин төрагасы |
Макеев Э.А.. |