Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 1/16
Күнтуу айылдык кеңешинин нормативдик ченемдик актылары боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 1 отуруму күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин баардык иш кагаздары Кыргыз Республикасынын нормативдик ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн;
2. Жооптуу катчы Э.Тайгараева бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;
3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы |
Э.Иманалиев |