КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 1/17
Күнтуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине маданият үйүн өткөрүп алуу жана маданият үйүн жеке менчигинен муниципалдык менчикке өткөргөн жаранга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагынан беш сотых жер тилкесин таап мыйзам чегинде Шакулуев Нурдин Бактарбековичке бөлүнүп берилсин;
2. Күнтуу айылындагы маданият үйүн 15-сотых жер тилкеси менен муниципалдык менчикке мыйзам чегинде өткөрүлсүн;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге мыйзам чегинде ишке ашыруусу тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам;
5. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы |
Э.Иманалиев |