КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 1/22
Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылынын тургуну Р.Джанбаеванын арызы боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз IVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы, арыз ээси белгилеп кеткен жер тилкеси мыйзам чегинде аукционго даярдалып коюлсун.
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Джумалиев мыйзам чегинде ишти алып баруусун адистерине тапшырсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джумалиевге жүктөлсүн;
4. Токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы |
Э.Иманалиев |