КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 1/28
Күнтуу айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу баасын кайрадан карап бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз IVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 01-ноябрынан баштап төмөнкү тарифте иш алынып барылсын:
1.1. Күнтуу айыл аймагында жайгашкан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн төлөө акысы 200-сомдон бекитилсин;
1.2. Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан айылдарга, баардык үй башына таштандысын чыгаруу үчүн төлөө наркы 60-сомдон бекитилсин;
1.3. Күнтуу айыл аймагындагы баардык айылдардагы, үйлөрүн батир катары берүүчү, үй ээлерине 200-сомдон бекитилсин;
1.4. “Таза Күнтуу”- ишкананын директору В.М.Шиловко таштанды боюнча баардык жумушчуларына, айдоочусуна айлык маянасын 100 пайызга көтөрүүсү милдеттендирилсин жана атайын жумушчу кийимдер менен камсыздалсын;
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиевге жүктөлсүн:
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы |
Э.Иманалиев |