Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2021-жылдын 9-июну № 6/4-28

“Кемин Келечеги” коомдук фондунан 3 041 268 сом суммасында түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун 2021-жылдын 8-июнундагы № 02-23 / 175 “Кемин Келечеги” коомдук фондунан келип түшкөн 3 041 268 сом суммасындагы акча каражатын бөлүштүрүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кемин Келечеги коомдук фондунан 3 041 268 сом суммадагы акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:

- Бордунский калктуу конушунун ички жолдорун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоого 250,0 миң сом суммасында каражат;

- Орловка шаарындагы бассейинди калыбына келтирүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоого 350,0 миң сом суммасында каражат;

- Орловка шаарынын Борбордук Административдик Борборунун бөлүмүнүн аймагын поликлиниканын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана жашылдандыруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоого 80,0 миң сом суммасында каражат;

- Орловка шаарындагы сугат тармактарын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоого 360,0 сом суммасында каражат;

- Орловка шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоп-түзөөгө жана жарык орнотууга 2 001 268 (эки миллион бир миң эки жүз алтымыш сегиз) сом суммасында каражат.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Орловка шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы-Т.Э.Асанбековго, ошондой эле Орловка шаарынын мэри-Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов