Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезектеги сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 14/6-28

Орловка мэриясынын балансына 0,14 га "Кызыл көпүрө" жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө

Жер комиссиясынын төрагасы - Б.М.Шакировдун картографиялык маалымат боюнча "Кызыл көпүрөдө” жайгашкан жалпы аянты 0,14 га жер тилкесин Орловка мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка мэриясынын балансына картографиялык маалымат боюнча "Кызыл көпүрөдө" жайгашкан жалпы аянты 0,14 га жер тилкеси кабыл алынсын.

2. Орловка мэриясына жер тилкеге укук белгилөөчү документтерди даярдоо жана алуу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Орловка шаардык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.И.Токтакунов