СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-Таш айыл кеңешинин 19-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 91/19-27
Айыл башчыларынын айлык маяналары жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети дотацияда турат, Сын-Таш айыл аймагында 8 калктуу пункт жайгашкан. 7 айылда 7 айыл башчы бар. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, штаттык тизимдеги айыл башчыларынын айлык маяналарын 0,5 оклад менен бекитүү жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Алымбаева С.Б. 2021-жылдын бюджетин бекитүүдө каражат боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. 01.01.2021-жылдан баштап, Сын-Таш айыл аймагынын айыл башчыларынын айлык маяналары 0,5 оклад менен бекитилсин.
2. Токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы С.Б.Алымбаевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
З.М.Аширбаев |