Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 19-сессиясы

2021-жылдын 22-январы № 94/19-27

Өтөгөн айылынын күн чыгыш тарабындагы 167,169,170,172 -контурларында жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө

Өтөгөн айылынын тургуну Б.Амантаевдин Өтөгөн айылынын күн чыгыш тарабындагы 167,169, 170, 172-контурларында жайгашкан жерде, жашылдандыруу максатында 2013-жылы тигилген теректерге коюлган мөөнөтүн узартып берүү жөнүндөгү жеке арызын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Өтөгөн айылынын күн чыгыш тарабындагы 167,169,170,172 – контурларында тигилген аянты 3,0 га теректерге коюлган мөөнөтүн    узартууга уруксат берилсин.

2. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

З.М.Аширбаев