Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-Таш айыл кеңешинин 19-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 95/19-27
Ысык-Ата суусунун боюнда 1008-контурда жайгашкан жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сын-Таш айылынын тургуну М.Эшкожоевдин Ысык-Ата суусунун боюнда 1008-контурда жайгашкан жерден балык өстүрүү максатында 15 соток жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү жеке арызын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Ысык-Ата суусунун боюндагы 1008-контурда жайгашкан 15 соток жер тилкеси М.Эшкожоевге ижарага берилсин.
2. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт колдонуучулар бирикмесинин жетекчисине жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
З.М.Аширбаев |