Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сын-Таш айыл кеңешинин 19-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 92/19-27
Сын-Таш айыл аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо үчүн жеке агроном менен келишим түзүү жана жеке агрономдун көрсөткөн кызматынын баасынын ченин бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн жер суроолору, муниципалдык менчик, Өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Т.Ариповдун “Сын-Таш айыл аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо учун жеке агроном менен келишим түзүү жана жеке агрономдун көрсөткөн кызматынын баасынын ченин бекитүү жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен, Сын-Таш айыл кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо учун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлигинин, өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин аймактык башкармалыгы жана жеке агроном менен түзүлгөн типтүү келишим жана жеке агрономдун көрсөткөн кызматынын баасынын чени бекитилсин.
2. Сын-таш айыл өкмөтүнүн башчысы-Р.Т.Байбековго: Сын-Таш айыл аймагында жеке агрономдун карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды көзөмөлгө алынсын.
3. Жогорудагы буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы-З.Толоевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
З.М.Аширбаев |