Редакцияот 24.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сын-Таш айыл кеңешинин 4-сессиясы

2021-жылдын 24-сентябры № 23/4-28

2021- жылга карата Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 9 айынын аткарылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесине ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Б.Алымбаеванын 2021 -жылга карата, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айынын маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айынын маалыматы эске алынсын.

2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги эркин калдыктагы жүгүртүүлөрдү бөлүштүрүүдө К.Курманов атындагы орто мектептин жылуулук системасына жана "Жетиген айылындагы мини-футбол аянтына кошумча чыгымдарга акча которуулар эске алынсын

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы С.Б.Алымбаевага жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков