ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 5/4
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн 2021-жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери туралуу маалыматы
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Медербек уулу Саламаттын 2021-жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери туралуу маалыматын угуп жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 - беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Медербек уулу Саламаттын 2021-жылдын 1-жарым жыл ичинде аткарган иштери туралуу маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Сакаевке жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |