ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-августу № 5/7
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 19-беренесине жана 2011-жылдын 8-июлундагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясында бекитилген шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү" №7-жобого ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына жарандардын жыйыны тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин. (тизме тиркелет).
2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервди курамына талапкерлердин бекитилген тизмеси, тийешелүү документтери менен бирге жана жарандардын жыйыны тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндөгү протоколу, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин этика комитетинин төрайымы К.Дюшеевага жүктөлсүн.
Төрага | Р.Алиев |
| Бекитемин Чүй айылдык кеңешинин төрагасы _________Р.Алиев “20” 08 2021 ж. |
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына
талапкерлердин тизмеси
1. Алиев Алмамбек Алымбекович
2. Сатыгулов Айдар Замирович
3. Алымсейит кызы Бегайым