ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-сентябры № 4
“Жер маселелер жөнүндө”
Чаткал айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын ар кандай сунуштарын карап чыгып жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамыров Алмаздын көпүрө салуу боюнча Терс участкасындагы мал өтүүчү көпүрөгө тиешелүү акчасын таап машина өтүүчү кылып салууга смета проектиси дардалсын жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Жедигеровдун арызы топурак алынган карьер боюнча Токоев Атакулдун тамы жайгашкан көчөнүн үстү жагы каралсын жана айыл өкмөт тиешелүү адистери менен карап көрүп кайсы жер ынгайлуу болсо ошол жерге токтом чыгарылып берилсин.
3. Нарбековдун арызы боюнча там аркасынан тышкаркы жерди кызына берүүгө сураган арызы канаттандырылсын жана Жер адис жеринен көрүп талаш тартыш жок болсо кызынын атына мыйзам чегинде токтом чыгарылып берилсин.
4. К. Оморовдун арызы боюнча райондук комиссия жеринен көрүп чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн. Комплекстүү комиссия менен депутаттар кошулуп комиссия түзүп чечип берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
5. Э.Исабековдун арызы боюнча мал чарбачылыгына жер берүү боюнча арызы райондук комиссия тарабынан жеринен көрүп чечүү боюнча айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Ш.Атабаевдин арызы боюнча Ири Сай участкасынан 1 га жерди тегиздеп чөп өсүмдүгүн өздөштүрүүгө сураган арызы боюнча жайыт эсебиндеги жер категорияга которуу райондук комиссия тарабынан чечилсин жана иш алып баруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Айыл өкмөтүнө10 тонна үрөө алууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча өкмөт башчы өзү акча таап келип үрөөн алып келүүнү уюштурсун.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев |