Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-сентябры № 5
“Билим берүү мекемелеринин класстарын калтыруу жөнүндө”
Чаткал айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык (билим берүү жана саламаттыкты сактоо) маселелери боюнча комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин, С.Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин, Б.Шерматов атындагы башталгыч класстар мектебинин жетекчилеринин билдирүүлөрү эске алынсын.
2. С.Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги окуу бөлмөлөрүнүн таардыгына байланыштуу 8а - 8б - класстары өз ордунда эки класс болуп калтырылсын жана райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 8-10-11- класстардын окуучуларынын саны аз болгондуктан, райондон 45 км алыстыкта жана эн жакынкы мектеп Курулуш айылындагы С.Мырзалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 15 км алыстыкта жайгашып окуучулардын каттоосуна жана жашоосуна мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу жогорудагы аты аталган мектепте билим алуусу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнөн чечип берүү жагы суралсын.
4. Б.Шерматов атындагы башталгыч класстар мектебинин 1-2-3-4-класстардын окуучуларынын саны аз болгондуктан жана эн жакынкы мектеп Жаны Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 5 км алыстыкта жайгашып окуучулардын каттоосуна жана жашоосуна мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу жогорудагы аты аталган мектепте билим алуусу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнөн чечип берүү жагы суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык ( билим берүү жана саламаттыкты сактоо) маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Козубаев |