НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-майы № 2/1-28
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 29 беренесине ылайык жана ачык добуш берүүнүн негизинде Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп №2 айылдык округунун депутаты Сагынбекова Жылдыз Эрмековна шайлансын.
2. Бул токтомду Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жана укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүү Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Андашов |