Редакцияот 13.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 13-июлу № 8/111-28

М.Койбагаров атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен терезелери жөнүндө

Чүй өнүктүрүү фондусу тарабынан М.Койбагаров атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен терезелерин пластик терезелерге которууда колдонууга жараксыз болгон жыгач терезелерин жок кылуу максатында токтом кылат:

1. М.Койбагаров атындагы орто мектебинин жараксыз деп жок кылууга чыгарылган терезелер М.Койбагаров атындагы орто мектебинин профсоюздук кеңешмесинин чечиминин негизинде мектепте эмгектенген кызматкерлерине отун катары берилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарылсын.

3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова