Редакцияот 13.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 13-июлу № 12/111-28

Нурманбет айылындагы Павлония бактары жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүндө 2018-2019-жылдары Первомай айылына “Павлония бактарын отургузуу” долбоору Чүй өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып Первомай айылына отургузулган бактарды инвентаризациялоо жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Павлония бактарына жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде учурда 2300 даана бактан 867 даана бар экендиги аныкталды .

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова