Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 17/IV-28

2021-2022-жылдарга түрткү берүүчү грантка долборлорду даярдоо жана өздүк салымды бөлүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка 2021-2022-жылдар үчүн капиталдык ремонттоо жана куруу иштерине долборлорду даярдоо жөнүндө маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Гүл Балалык” балдар бакчасынын жана М.Койбагаров атындагы орто мектебинин ошондой эле А.Токтоналиев айылындагы А.Молдокулов атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттоо жана куруу иштерин жүргүзүү боюнча түрткү берүүчү грантка долборлор даярдалып өткөрүлсүн.

2. Жогорудагы долборлорго 2022-жылдын бюджетинен “Гүл Балалык” бала бакчасына 700,0миң сом жана М.Койбагаров атындагы орто мектебине 700,0миң сом ошондой эле А.Молдокулов атындагы орто мектебине 700,0миң сом акчалай каражаттар өздүк салым катары бөлүнсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова