Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 18/IV-28

Айыл аймактагы ички жолдорду учурдук оңдоодон өткөрүү жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл аймактагы ички жолдорду учурдук оңдоодон өткөрүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Айыл аймактагы ички жолдорду учурдук ремонттон өткөрүү максатында түзүлгөн смета боюнча шагыл төгүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова