Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-августу № 21/IV-28
М.Койбагаров атындагы орто мектебинин тегерегиндеги бака теректер жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында М.Койбагаров атындагы орто мектебинин тегерегиндеги балдардын өмүрүнө кооптуу болгон эскилиги жеткен бака теректерин жок кылуу маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жогорудагы айтылган бактарды жокко чыгаруу боюнча теректерди атайын көз карандысыз баалоочу адиси жалданып тиешелүү мыйзамдын негизинде сатылсын жана андан түшкөн акча каражаттары айыл өкмөтүнүн эсебине төгүлсүн.
2. Жараксыз болгон бактар кыш мезгилине карата аз камсыз жана жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө социалдык комиссиясынын чечимине ылайык отун катары таратылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Сагынбекова |