Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 22/IV-28

Айыл аймактагы футбол аянтчалары жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында М.Койбагаров атындагы орто мектебинин короосуна салынган кичи футбол аянтчасы,К.Абдраимов атындагы футбол аянтчасы жана А.Молдокулов атындагы орто мектебинин короосуна курулган кичи футболдук аянтчалардын иштешин,алардын сакталышын камсыз кылуу жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нурманбет айылындагы К.Абдраимов атындагы футбол аянтчасы жана М.Койбагаров атындагы орто мектебинин короосуна курулган кичи футбол аянтчасынын сакталышы,тазалыгы,сындырып-талкалап кетүүдөн сактоо М.Койбагаров атындагы орто мектебинин карамагына берилсин.

2. А.Токтоналиев айылындагы А.Молдокулов атындагы орто мектебинин короосуна курулган кичи футбол аянтчасынын сакталышы,тазалыгы,сындырып-талкалап кетүүдөн сактоо А.Молдокулов атындагы орто мектебинин карамагына берилсин.

3. А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин карамагындагы футбол аянтчаларында Нурманбет, Первомай жана А.Токтоналиев айылдарынын тургундарына оюн өткөрүүнүн иш тартиби кечки саат 18:00дон кечки 23:30га чейин ойноого уруксаат берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова