Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 23/IV-28

Кызматтык максатта жалданган менчик авто унаага компенсация төлөө жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүнүн ВАЗ 21214 маркасындагы кызматтык унаасы бузук абалда болгондуктан келишим аркылуу айдоочу Алымбеков Табылды Шергазиевичтин менчик авто унаасын кызматтык максатта пайдалангандыгы үчүн компенсация төлөө жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-декабырындагы №767-токтомуна ылайык келишим аркылуу колдонулуп жаткан авто унаага компенсация төлөнсүн.

2. Компенсация төлөө үчүн 2021-жылдын Аппарат 70111 бөлүмүнүн 2215 статьясынан колдонулбаган чыгымдардан жылдырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова