КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 15-ноябры № 223
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 222-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"222-статья. Жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу
(1) Жеке нотариустун же жеке адудитордун өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн иш милдеттерине каршы жана өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү менен пайдалануусу, эгерде мындай жосун жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголуучу таламдарына олуттуу зыян келтирсе, -
эң аз айлык акынын бир жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салып, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укутунан ажыратуу менен, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар көп жолу жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. 30-глава төмөндөгүдөй мазмундагы "Кызматтык кылмыштар" деген 305-1-статья менен толукталсын:
"305-1-статья. Кыйноо
Кайсы бир адамга андан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал жасаган же жасады деп шек туудурган аракети үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, мындай аракет кызмат адамы тарабынан анын көрүп-билүүсү же макулдугу менен ар кандай башка адам тарабынан жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жасоо укугунан ажыратуу менен же андай кылбай үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2003-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |