Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 26/IV-28

Садамкулов Азамат менен Сейталиев Рустамдын арызын кароо жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган Садамкулов Азамат менен Сейталиев Рустамдын эккен арпалары быйылкы кургакчылыктан жакшы өсүп жетишпей түшүм ала албай калганын айтып кайрылган арызынын жана жеринде барып түзүлгөн комиссия курамынын 2021-жылдын 14-июлундагы актысына таянып айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Садамкулов Азамат Нурманбет айыл өкмөтүнөн ижарага алган 20га мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын 50% жокко чыгарылып,50% гана ижара акысы төлөнсүн.

2. Сейталиев Рустамдын Нурманбет айыл өкмөтүнөн ижарага алган 55га мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын 50% жокко чыгарылып,50% гана ижара акысы төлөнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова