Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 14-августу № 27/IV-28

2021-2022-жылдарга түрткү берүүчү грантка даярдануу жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан каржылануучу 2021-2022-жылдарга түрткү берүүчү грантка Нурманбет айылындагы “Гүл Балалык” бала бакчасынын тегерегин тосуу долбоорун даярдоо жана анын жумушунун көлөмүн аныктоо жөнүндө маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Гүл Балалык” балдар бакчасынын тегерегин тосуу иштерине сметчик жалдоо иштери Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн жана кызмат акыны төлөө айыл өкмөтүнүнүн атайын эсебинин эркин калдыгынан 70629 бөлүмүнүн 2215 статьясынан 11400сом бөлүнсүн .

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары:

 

Ж.Сагынбекова