Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 31-марты № 6
Көл-Төр айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-ж. ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, айылдык чогулуштардын чечимин талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө ЖОБО №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына Жобонун талаптарына ылайык иштерди уюштуруу милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү пландоо, бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |
| Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 31.03.2022-ж. № 6 токтомуна Тиркеме №1 |
Көл-Төр айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду
эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3. Маркумду акыркы сапарга узатуу, кыркылык, жылдык өткөрүүнүн тартиби.
4. Жергиликтүү комиссия.
5. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-ж. ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айыл аймагындагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү болуп саналат.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана
күчүнө киргизүүнүн тартиби.
2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен айылдык кеңештин депутаттарынан жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушу жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат. Келип түшкөн сунуштардын негизинде иштелип чыккан жобо айылдык кенештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому мыйзамга ылайык сайтка чыгарылып, реестрге катталат.
3. Маркумду акыркы сапарга узатуу, кыркылык, жылдык
өткөрүүнүн тартиби.
3.1 Маркумду акыркы сапарга узатууда, кыркылык, жылдык өткөрүүдө аза күткөн үйдөн 1 чоң мал (бодо, жылкы) же 3 койдон ашык союуга жол берилбесин.
3.2 Маркумду акыркы сапарга узатууда, кыркылык, жылдык өткөрүүдө дасторкондун жасалгасы жөнөкөйлөтүлсүн.
3.3 Аза күткөн үй-бүлөгө көнүл айтууга келгендерге баштык, кийит ж.б. көтөрүп келүүнүн ордуна акчалай жардам көрсөтүлсүн.
3.4. Жаназа өткөрүлгөн үйдөн баштык, устукан, жыртыш таркатылбасын.
3.5. Маркумдун үй-бүлөлөрү баштык, жыртыш таркатуунун ордуна кеткен каражатты айыл элинин социалдык–экономикалык жашоо шартын оңдоого (социалдык объектилерди оңдоо, аз камсыз, муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү ж.б.) коротушсун.
4. Жергиликтүү комиссия.
Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын милициянын өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу тиешелүү акт түзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө акт түзүлөт жана ал тууралуу маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
5.1 Айыл аймагында ушул жобонун талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын түрлөрү колдонулат.