Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 31-марты № 7
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде кызмат ордуларынын категорияларына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн негиздеп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде кызмат ордуларынын категориялары төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлүп бекитилсин:
Жооптуу катчы – 1
Бөлүм башчысы:
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы – 1
Башкы адис:
Юридикалык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис – 1
Социалдык маселелер боюнча башкы адис – 1
Инвестиция жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис – 1
Жетектөөчү адис:
Мал чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис – 1
Жетектөөчү адис –статист-экономист - 1
Айыл башчы – 2
Адис:
Жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча адис – 1
Кирешелер боюнча адис - 1
Аскердик эсепке алуу боюнча инспектору – 2
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер-2
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү пландоо, бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |
|