Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 31-марты № 8
Айыл аймагындагы ирригация маселелери жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагындагы жалпы узундугу 7,3 км ди түзгөн Жал-Арык арыгы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн карамагына алынсын жана муниципалдык менчик реестрине катталсын.
2. Көл-Төр айыл аймагындагы Жал-Арыкты кум чайкап, толуп калгандыктан көйгөй жаратып жаткандыгы белгиленсин.
3. Көл-Төр айыл аймагындагы Жал-Арык арыгынын 7,3км аралыгын толугу менен тазалоого Тоң районунун өнүктүрүү фондусунун дирекциясынан акча каражат суроо жагы жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлдөө жагы агрардык комитетке тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |