Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 6-июну № 10
Көл-Төр айылына Кыр-Таш суусун суу түтүгү менен алып келүү долбоорун сунуштоо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы сугат суунун жетишсиздиги белгиленип, Көл-Төр айылына Кыр-Таш суусун суу түтүгү менен алып келүү долбоору Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” грант программасынан 70 000 (жетимиш миң) АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |