Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 6-июну № 11
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы кызматтык үйдүн тегерегин корууга акча каражатын суроо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы кызматтык үйдүн тегерегин корууга акча каражат суроо максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы кызматтык үй жаңы салынып, бирок тегерегин корууга Көл-Төр айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишпегендиктен, Тоң райондук өнүктүрүү фондусунан 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты курулуш материал сатып алуу үчүн суралсын.
2. Кызматтык үйдүн тегерегин коруу иштери жергиликтүү жашоочулар тарабынан ашар жолу менен ишке ашырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |
|