Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2022-жылдын 22-июлу № 13
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы менен киреше салыгын ашык аткаруудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылы алты айдын жыйынтыгы кабыл алынган пландан киреше салыгы ашык түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Киреше салыгынын ашык аткарылгандыгына байланыштуу төмөндөгү иш чараларга:
- 50000 сом 1-С Бухгалтериянын программасын жаныртууга;
- 20000 сом Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө; 2022-жылдын 31-майында ПЖ №169 Жарлыгын, 22.02.2022-ж №24 “КР мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобосунун негизинде айыл аймактар арасында өтө турган семинарга;
- 200 000 сом таштанды полигондорун корууга;
- 10 000 сом 2022-жылдын жарым жылдыгына газета журналдарга жазылуу үчүн;
- 24 000 сом планшет алуу үчүн жумшалсын.
Бардык сумма: 304000сом (Үч жүз төрт миң сом).
2. Бардык 304000сом акча каражаты 2022-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |