Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2022-жылдын 22-июлу № 15
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин класстарын жана залын оңдоп түздөөгө акча каражатын суроо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин класстарын жана залын оңдоп түздөөгө акча каражатын суроо максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин класстарын жана залын оңдоп түздөөгө Көл-Төр айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишпегендиктен, Тоң райондук өнүктүрүү фондусунан 282 000 (эки жүз сексен эки миң) сом акча каражатын курулуш материал сатып алуу үчүн суралсын.
2. Ж.Айтикеев мектебинин класстарын жана залын оңдоп түздөө иштери жергиликтүү жашоочулар тарабынан ашар жолу менен ишке ашырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |