Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2022-жылдын 22-июлу № 17
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына тамак аш даярдоочу жай (очоккана) салууга акча каражатын суроо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына тамак аш даярдоочу жай (очоккана) салууга акча каражатын суроо максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына тамак аш даярдоочу жай (очоккана) салууга Көл-Төр айыл өкмөтүнүн бюджетинде акча каражаты жетишпегендиктен, Тоң райондук өнүктүрүү фондусунан 116 998 (Бир жүз он алты миң тогуз жүз токсон сегиз) сом акча каражатын курулуш материал сатып алуу үчүн суралсын.
2. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына тамак аш даярдоочу жай (очоккана) салуу иштери жергиликтүү жашоочулар тарабынан ашар жолу менен ишке ашырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |