КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2022-жылдын 14-февралы № 2
Көл-Төр айылына Кыр-Таш суусун түтүк менен алып келүү долбоорун сунуштоо жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы сугат суунун жетишсиздиги белгиленип, Көл-Төр айылына Кыр-Таш суусун түтүк менен алып келүү долбоору “Тоң районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинен 7 678 420 сом өлчөмүндө каржылоо үчүн сунушталсын.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |