Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2021-жылдын 7-декабры № 19
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн бөлүштүрүү жѳнүндѳ
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн бөлүп берүүгө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап 2021-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бош калган акча каражатынын экономдолгон суммаларын:
- Көл-Төр айылынын кичи футбол талаасына материалдардан 2600 сом;
- Тогуз-Булак айылынын бүтпөгөн имаратына курулуш материалдардан 4000сом;
- Жал арыкты тазалоого күйүүчү майдан 800 сом;
- Көл-Төр бала бакчасына материалдардан 1810 сом;
- Айылдарга таштанды урналарын орнотуу үчүн урналарга материал алуудан 2850 сом;
Бардык акча каражаты 12060 сом;
12060 сом төмөндөгүдөй чыгымдарды жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.
- Тогуз-Булак айылындагы Т.Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашканасына идиш-аяк алып берүү үчүн которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |