КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2021-жылдын 7-декабры № 21
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грант үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө жана техникалык көзөмөлүнө акча каражатын киргизүү жѳнүндѳ
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка Коңур-Өлөң айылынын күрөш залынын курулушун улантууга долбоор даярдалып жаткандыктан, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жана техникалык көзөмөлүнө 2021-жылдагы бош калган калдык акча каражатынын эсебинен 75 000 (жетимиш беш миң) сом акча каражаты киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |