Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2021-жылдын 30-декабры № 23
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-ж. №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык, Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун жана жумуш орундарынын зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиясынын отурумунун 29.12.2021-ж. №1 жана 29.12.2021-ж. №2 протоколдорунун негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
4. Аккредитациядан өткөн “Армот” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Жеке электрондук компьютер (ЖЭК) электромагниттик талааларынын чыңалуусун өлчөөлөр” жөнүндө 13.12.2021-ж. №084 протоколунун жана Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн профсоюз уюмунун жана жумуш орундарынын зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиясынын 29.12.2021-ж. №1 протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына төмөндөгүдөй тартипте кошумча үстөктөр төлөнүп берилсин.
№ | Кызматкердин аты, жөнү | Ээлеген кызматы | Компьютер дин инвентардык номери | Маянанын өлчөмүнүн пайыздык катышы |
1 | Рыспай уулу Тойчубек | Башчы | 019/20 | 25 |
2 | Туратбеков Ш. | Жооптуу катчы | 004 | 25 |
3 | Орозонова С.А | Аскердик эсепке алуу инспект | 019/21 | 15 |
4 | Ашымов Б.А | Аскердик эсепке алуу инспект | 019/21 | 20 |
5 | Түлөбаева А.З. | Каржы-экон.бөлүм башчысы | 019/22 | 25 |
6 | Калчаев М.Ж | Инвестиция боюнча адис | 019/23 | 25 |
7 | Болотбекова Н.А | Статист-экономист | 041 | 20 |
8 | Муканбетова А.К | Иш-кагаз. жүргүзүүчү катчы | 001 | 25 |
9 | Мааткеримов М.А | Соц. маселелер б-ча башкы адис | 002 | 25 |
10 | Талипов Ж.Т | Жер адиси | 004 | 10 |
11 | Алиев Б.М. | Мал чарбасы боюнча жетектөөчү адис | 004 | 15 |
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министрлигинин Бишкек шаарындагы санитардык-гигиеналык лабораториясынын 17.12.2021-ж. №201,202,203 протоколдорунун жана Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана профсоюз уюмунун жана жумуш орундарынын зыяндуулугун аныктоо боюнча комиссиянын 29.12.2021-ж. №2 протоколунун негизинде айыл аймагынын китепкана башчыларынын эмгек акысына төмөндөгүдөй тартипте кошумча үстөктөр төлөнүп берилсин.
№ | Кызматкердин аты, жөнү | Ээлеген кызматы | Кызматтык маянанын өлчөмүнүн пайыздык катышы |
1 | Маразыкова Бактыгүл Бейшембаевна. | Тогуз-Булак айылдык китепкана башчысы | 15 |
2 | Ашыралиева Мээрим Асейиновна. | Көл-Төр айылдык китепкана башчысы | 15 |
3 | Акунова Жеңишкүл Догдурбековна | Коңур-Өлөң айылдык китепкан башчысы | 15 |
6. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
Төрага | Э.Муканбетов |